Компания тууралуу

zavod_infa.jpg


Урматтуу куруучулар,

 

«Түштүк-Кыргыз Цемент» ЖАК – Кыргызстандагы ири цемент өндүрүүчүлөрдүн бири. 2010-жылы биздин завод Italcementi цемент холдинги менен өнөктөштүктө (цементти өндүрүү боюнча дүйнөдө бешинчи орундагы), курулуш материалдарынын дүйнөлүк стандарттарына жооп берген сапаттуу продукцияны чыгарууну камсыздоо менен, заманбап жогорку технологиялуу өндүрүштүк линияны пайдаланууга киргизди. Бүгүнкү күндө «ТКЦ» жылына 1 млн тонна цемент кубаттуулугу менен, “кургак” ыкма менен цемент өндүрүү боюнча заманбап ишкана болуп саналат.

 

Цементти өндүрүүнүн “кургак” ыкмасынын негизги артыкчылыгы – отундун жана электр энергиясынын чыгымын азайтуу. Ошондой эле “кургак” ыкмада меш газдарынын көлөмү 35-40% азаят, бул утилизациялык чыгымдарды төмөндөтөт жана ага ылайык продукциянын баасын төмөндөтөт. Өндүрүүнүн “кургак” ыкмасынын маанилүү артыкчылыгы – төмөнкү энергетикалык чыгымдарда жогорку өндүрүмдүүлүк: эмгек өндүрүмдүүлүгү жана энергия натыйжалуулугу цементти өндүрүүнүн “нымдуу” ыкмасын пайдаланган заводго салыштырмалуу 2 эсе жогору.

 

«ТКЦ» заводу Кыргызстанда курулуш материалдарын өндүрүү ьоюнча эң экологиялык таза завод болуп саналат, анда зыяндуу өндүрүштүк чыгындыларды ченемдик көрсөткүчтөрдөн 2 эсе азайтууну шарттаган алдыңкы технологиялык чечимдер ишке ашырылган. 



© 2018 "Түштүк-Кыргыз цемент" ЖАК

Логотип компании

Бетондун калькулятору

М 100 / B 7,5 - Даярдоо иштери, монолит плиталарын жана пайдубалды куюунун башталышынын алдында. Ошондой эле автожолун курууда колдонулат, бетон жаздык катары колдонулат.М 150 / B 10 - М 150 / B 10 – Монолит пайдубалын, ошондой эле анча чоң эмес имараттардын пайдубалын куюушун, полдорду куюунун, жукалап тартуунун, жолчолорду бетондоштуруунун алдындагы даярдоо иштери.М 200 / B 15 - М 200 / B 15 – Пайдубалды, полдорду, жука тартууларды, жолчолорду бетондоштурууну, плитка жана сайыштырылма пайдубалдарды, тепкич марштарын даярдоо.М 250 / B 20 - М 250 / B 20 – Монолиттик пайдубалдар.М 300 / B 22,5 -  – Монолит пайдубалдары, короо тосмолору, дубалдар, тепкич марштары, бассейндердин ичтери, тосмо плиталары. Бетондун эң көп заказ кылынуучу маркасы.М 350 / B 25 - М 350 / B 25 – Тосмо плиталары, колонналар, монолиттик дубалдар, бассейндин ичтери, балкалар жана ригелдер.М 400 / B 30 - Көпүрө конструкциялары, колонналар, ригелдер, банктын сактоочу жайлары жана башка атайын талаптар коюла турган конструкциялар.